Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

"Кыргызнефтегазда" директорлор кеңешинин курамы жаңыланды


"Кыргызнефтегаз" ишканасында директорлор кеңешинин курамы жаңыланды.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызнефтегаз" ААКсынын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны өтүп, жаңы курам бекитилди. Мындан сырткары ишкананын жыл ичинде аткарган иши талкууланып, өткөн жылы мекеме 31 миң куб газ жана 80 миң тонна нефть өндүрүп, план ашыгы менен аткарылгандыгы эске алынды.

Беш кишиден турган директорлор кеңешинин курамына эки жаңы мүчө бекитилди. Ал эми башкаруу кеңеши Жеңиш Жумашевдин төрагалыгы алдында мурунку ордунда калды.(RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG