Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Коомдук бирикмелер Аскаров боюнча БУУнун билдирүүсүн айыпташты


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы «Элим-жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү БУУнун 2010-жылкы июнь окуясына күнөөлүү катары өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо сунушун айыпташты.

Коомдук бирикменин жетекчиси Нурлан Рахматов бүгүн маалымат жыйында абактагы укук коргоочунун ишинин кайра каралышына бирикме мүчөлөрүнүн нааразылыгы күч экенин билдирди.

"Июнь окуясында 400дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Эмне үчүн ошончо адамдын тагдырынан Аскаровду бийик коюшууда' - деген Рахматов эгер абактагы укук коргоочуга жан тартуу улана берсе, митингге чыгышарын айтты.

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деген бүтүмүн жарыялаган.

Кыргызстанда ага 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG