Кыргызстанда 1-2-майда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү болуп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 9-14 метрге жетет
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27;
Таласта түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Баткенде түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20;\
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22;
Бишкекте 1-майда жаан-чачын болбойт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10, күндүз 24...26 градус болот. (AzK)