Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Жер көчкү түшкөн жердеги 76 турак-үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлө баштады.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Алмалуу-Булак айылында болуп, таңкы саат беш жарымда болгон жер көчкүдөн кийинки абалды аныкташты.

Бул айылда 24-апрелден бери жер көчүп, 28-апрелде 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан каза тапкан. Ал күнү жети турак жай көчкү астында калган.

Жалал-Абад облусунда көчүрүлүүгө тийиштүү 1064 турак үй жайгашкан, анын ичинен 147 кожолук турак жайга ссуда берилбей калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйыл жер титирөөлөрдүн кайра-кайра кайталанып жатышынан жана катуу жаандан улам жер көчкүлөрү активдешип жатканын эскертүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG