Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстанда Эмгек майрамы белгиленүүдө


Бир жыл мурда майрам күнү
Бир жыл мурда майрам күнү

Бүгүн кыргызстандыктар 1-Май - Эмгек майрамын белгилеп жатышат. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин жаңы спикери Чыныбай Турсунбеков кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду. Ал кайрылуусунда Жогорку Кеңеш жарандарды иш менен камсыз кылуу, алардын эмгекке болгон укуктарын сактоонун мыйзамдык базасын чыңдоо боюнча аракеттерди көрүп жатканын билдирген.

Турсунбеков алдыда өлкөдөгү ар бир жарандын эмгекке болгон укугу жетиштүү корголгон система түзүүгө жетишүү милдети тургандыгын белгилеген.

Ушундай эле куттуктоосун кечээ кыргызстандыктарга президент Алмазбек Атамбаев да жолдогон.

"Талыкпас мээнет гана ар бир адамга ийгилик алып келерин, өлкөнүн коопсуздугу жана эркиндиги да ар бирибиздин адал эмгекке жана жоопкер мамилеге жараша бекемделерин көпчүлүк кыргызстандыктар жакшы түшүнөт" деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздар калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 2,2% түзөт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 201 миңден ашуун киши жумушсуз болсо, мунун ичинен 98,4 миңи аялдар деп табылган.

1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү жүзгө чукул өлкөдө белгиленет. Казакстанда бул күн Улуттар аралык биримдик күнү катары кабыл алынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG