Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитети билдирди. Олимпиадага акыркы лицензиялар 21-30-апрель күндөрү Ташкенде Азия чемпионатында ойнотулду. Кыргызстандын эркектерден турган командасында 8 спортчу катышып, Иззат Артыков 69 кг салмакта алтын медаль утуп алса, Айдар Мамадраимов 94 кг салмакта 6-орунду ээледи.
Эркектер арасындагы командалык таймаштын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы 4 орунду алып, олимпиадага бир жолдомо утту.
Бул жолдомо мамлекетке берилди жана олимпиадалык оюнга ким барарын машыктыруучулар аныкташат.
Ушуну менен Кыргызстан Рио-де-Жанейродо боло турган Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 10 жолдомолуу болду.
Олимпиадалык оюндардын ачылыш аземи Рио-де-Жанейродо 5-августта башталат.(AzK)