Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

Түркиядагы жардыруу 2 өмүрдү алып, 22 кишини жарадар кылды


Түркиянын Газиентеп шаарынын полиция башкармалыгынын алдында террорчулар тарабынан ок аталып, бомба жүктөлгөн унаа жардырылды. 1-май күнү эртең менен 09:17 де болгон окуяда 2 полиция набыт болуп, 22 киши жараланды. Жаралангандардын 18и полиция кызматкери. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Азырынча бул жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Учурда полиция окуя болгон жерден качууга үлгүргөн 3 террорчуну издөөдө. Бул окуядан кийин Стамбул, Анкара жана Адана шаарларында коопсуздук күчөтүлүп, 1-майга карата өткөрүлчү иш-чараларга чектөө киргизилди. (AS)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG