Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Жер ортолук деңизине чөккөн 84 качкындын дайыны чыкпай жатат


Эл аралык миграция уюму (IOM) Ливиядан Италияга жол тарткан 100гө жакын качкынды ташыган кайык оодарылып кеткенин билдирди. Кырсыктан 26 адам куткарылып, чөгүп кеткен 84 качкындын тагдыры дайынсыз. Бул тууралуу аталган уюмдун Италиядагы өкүлү Флавио Ди Жиакомо Лампедуза аралындагы окуянын күбөлөрүнө шилтеме жасоо менен Твиттердеги баракчасына жазды.

Италиянын деңиз жээги коопсуздук кызматы маалымдагандай, 26 качкынды италиялык соода кемеси куткарган. Качкындар 29-апрелде спутник телефону аркылуу байланышка чыгып, аталган кызматтан жардам сураган. Алар Ливия жээктерине жакын аймакта кырсыкка кабылган. Куткарылган качкындар Италиянын Лампедуза аралына жеткирилген.

Эл аралык миграция уюму 2014-жылдан баштап азырга чейин 350 миңден ашуун качкын Ливия-Италия каттамы аркылуу Европага өткөнүн ачыктаган. Былтыр 3500-5000 киши Жер ортолук деңизинде дайынсыз жоголгон. БУУнун билдирүүсү боюнча, 2016-жылдын 4 айында эле 1261 киши сууга чөгүп өлгөн.

XS
SM
MD
LG