Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Стамбулда 207 киши камакка алынды


Түркиянын Стамбул шаарынын бийлиги 1-май - эмгек майрамын белгилөөдө ар кандай себептерден улам 207 киши камакка алынганын билдирди. Стамбулда быйыл расмий түрдө Бакыркөй районунда гана майрамдоого уруксат берилген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, майрам шылтоосу менен шаардын коопсуздугун бузгусу келген айрым топтор Таксим аянты баш болгон ар кайсы аймактарда уруксатсыз жүрүштөрдү жасоого аракет кылышты. Аларга каршы полиция тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү жана текшерүү иштеринин жыйынтыгында 207 киши камакка алынды. Жүрүшкө чыккандардын жанынан 17 жардыргыч зат, күйүүчү заттарга толтурулган 40 бөтөлкө, 1 тапанча, 176 фейерверк, мээлей жана бет каптар, мыйзамсыз чакырыктар жазылган көрнөк-жарнактар табылганы айтылууда.

Ошол эле учурда Измир шаарындагы айрым топтор полициянын тинтүү иштерине жылаңачтануу менен каршылык көрсөткөн.

Түркияда 1-май “Эмгек жана жумушчу” майрамы учурунда эл өкмөт уруксат берген сааттарда жана жерлерде гана топтолушат. 1977-жылы 1-майда Стамбулдун Таксим аянтында 500 миң катышкан жүрүштө 34 адам каза болуп, 136 адам жараланган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG