Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Үркүн тууралуу китеп түрк тилине которулду


Үркүн.
Үркүн.

Кыргызстандык жазуучу, тарыхчы Бактыбек Максүтовдун «Үркүн – кызыл кыргын» аттуу китеби түрк тилине которулду. Бул тууралуу чыгарманы түркчөлөгөн түркиялык жазуучу Ибрахим Түркхан «Азаттыкка» билдирди.

Ал 2009-жылы чыккан бул чыгарма менен былтыр Бишкекке келгенде таанышкан. Түркиялыктарды Үркүн тууралуу кабардар кылуу максатында котормо менен алектенгенин кошумчалады. Китеп 10 бөлүмдөн турат. Андагы сүрөттөр Борбордук архивден жана «Азаттык» үналгысынын интернет сайтынан алынган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш аеосуз басылган соң Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Быйыл тарыхта кара так менен жазылган кандуу окуяларга 100 жыл болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG