Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

"Каркыра" өткөрмө бекети кайрадан ишке киришти


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрмө бекети аркылуу жарандар, автоунаа жана жүк 1-майдан тарта эртең мененки 8ден кечки 6га чейинки убакыт аралыгында өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан "Каркыра" бекети былтыр 31-октябрда убактылуу жабылган. Мындай чектөө 2003-жылдан бери суук түшүп, кар жааганына байланыштуу жазга чейин киргизилип келет.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 12 көзөмөл-өткөрүү пункту бар, алардын төртөө 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жабылгандан бери ачыла элек. (NT)

XS
SM
MD
LG