Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Сузак: 76 үй-бүлө коопсуз жакка көчүрүлүүдө


Алмалуу-Булактагы жер көчкү.
Алмалуу-Булактагы жер көчкү.

Сузак районунун Алмалуу-Булак айылында жер көчкү коркунучуна байланыштуу 76 үй-бүлө коопсуз аймактарга көчүрүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 30-апрелде министр Кубатбек Боронов, Жалал-Абад облустук, Сузак райондук бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүп, кооптуу аймакта жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жер тилке жана ссуда алып, бирок көчпөй койгондорго чара көрүү тапшырмасы берилген.

Расмий маалымат боюнча, республикада 4016 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Анын үч миңге чукулу тынымсыз берилген эскертүүлөргө көңүл бурбай келишет.

Сузактын Алмалуу-Булак айылында жер көчкү кайталанууда. 27-апрелде жети үйдү көчкү басып калып, он беш жаштагы өспүрүм Урмат уулу Эрлан каза тапкан.(NT)

XS
SM
MD
LG