Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Сотко талапкерлерди «калп аныктагычтан» өткөрүү сунушталууда


 «Калп аныктагычтан» өткөрүү учуру, Татарстан

«Калп аныктагычтан» өткөрүү учуру, Татарстан

Кыргызстанда сот болом талапкерлерди “калп аныктачтан” өткөрүп, телефондук сүйлөшүүлөрүн текшерүү сунушталууда. Мындай демилге менен Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов чыкты. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, Бабанов мындай чара сот тандоонун ачыктыгын жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кыларын билдирүүдө. Демилгеге ылайык, сотко талапкерлер сөзсүз түрдө Сот адилеттигинин жогорку мектебинен окуудан өтүп, юридикалык билимге ээ болушу керек. Ошондой эле ар бир талапкер өзүнүн телефонду сүйлөшүүлөрүн укук коргоо органдарынын тыңшашына кагаз жүзүндө уруксат бериши зарыл.

Өмүрбек Бабанов судьялар кайсы бир жетекчилер тарабынан басым же көрсөтмө болгон учурда тиешелүү органдарга кабарлоону, эгер антпесе дароо кызматтан бошотууну сунуштап жатат.

2010-жылдан кийин Кыргызстанда сот бийлигине ишенимди кайтаруу жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча реформа башталган. Бирок жарандык коом аталган реформадан жыйынтык чыкпай, соттор көз каранды бойдон калып жатканын сындап келишет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG