Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Өмүркулов: Депутат Ашэра Халикованын мандатын тапшыруу боюнча арызы келип түшкөн жок


Ашэра Халикова

Ашэра Халикова

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Ашэра Халикованын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызы фракцияга келип түшө элек. Бул тууралуу фракция лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Халикова арыз жазса, Борбордук шайлоо комиссиясына берилиши керек.

“Менин дарегиме андай арыз түшкөн жок. Эгер кайсы бир депутат арыз жазса, Борбордук шайлоо комиссиясына берилиши керек” - деди Иса Өмүркулов.

Өмүркулов депутаттардын арасында мандат тапшырчулар бар экени тууралуу сөздөр айтылып келгенин четке каккан жок.

Буга чейин КСДПнын мүчөсү Ашэра Халикованын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы тууралуу айтылган. Азырынча бул тууралуу депутат расмий билдирүү жасай элек.

Өткөн жумада "Бир бол" фракциясынын мүчөсү Лунара Мамытова мандатын тапшырганын жарыялаган. Ал бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызды 29-апрелде берген.(BkA/ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG