Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:46

ЖККУ террорчулук менен күрөштө аскердик чараларга маани берет


Николай Бордюжа

Николай Бордюжа

Бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа Москвадагы Эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда билдирди. Анын айтымында, ЖККУ террордук коркунучту алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө жамааттык күчтөрдүн тажрыйбалык даярдыгына маани берет.

ЖККУнун расмий сайтындагы маалыматка караганда, Бордюжа Европа өлкөлөрүнө качкын катары бир катар террордук уюмдардын мүчөлөрү кирип алганын айтып, буга каршы Жаматтык коопсуздук келишими уюму коопсуздук чараларды көрүшү керектигин билдирген.

Орусия, Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму аймакта коопсуздук жаатында иш алып барат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG