Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Ирактын Башир шаары террорчу топтон бошотулду


 Башир шаары
Башир шаары

Ирак жана күрт күчтөрү Башир шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотуп, көзөмөлдү колго алды. Жергиликтүү бийликтер 1-майда күрттөрдүн пешмерга күчтөрү менен шиит кошуундары АКШ баштаган коалициянын аба соккуларынын көмөгү менен Ирактын түндүгүндөгү бул шаарга көзөмөл орнотконун кабарлады.

Күртстан патриоттук биримдиги партиясынын жетекчилеринин бири Ассо Маманд аталган шаардын тегерегиндеги бир канча айылдар, анын ичинде Албу Мафрай жана Мазаргай кыштактары да террорчу топтон бошотулганын билдирди.

"Ислам мамлекети" тобу Баширди 2014-жылдын жайында Ирактагы экинчи чоң калаа Мосул менен кошо басып алган эле.

XS
SM
MD
LG