Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Түндүк Корея тойлорго тыюу салды


Түндүк Корея
Түндүк Корея

Түндүк Корея бийлиги өлкө жарандарына үйлөнүү той жана башка салтанаттарды, а түгүл өлүк узатуу жөрөлгөлөрүн өткөрүүгө убактылуу тыюу салды. Кошуна Түштүк Корея медиасынын Сеул өкмөтүндөгү булактарына таянып жазышынча, бул Түндүк Кореяда Эмгек партиясынын жетинчи съездин өткөрүү алдында күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын алкагындагы иш болууда. Yonhap агенттигинин кабарына караганда, курултайды утурлай Пхеньянга кирүү чектелип, Кытай менен чек арада көзөмөл күчөтүлдү.

Съезд 6-майда башталат. Бул Корея Эмгек партиясынын 36 жылдан берки алгачкы курултайы. Анда өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG