Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Молдовада АКШ менен биргелешкен аскердик машыгуу өтөт


Майдын үчүнөн жыйырмасына чейин өтчү Dragon Pioneer-2016 аскердик машыгуусуна катышуу үчүн бүгүн Молдовага АКШнын 200дөй аскери келет. Молдова Коргоо министрлигинин кабарлашынча, АКШ аскерлери өлкөгө кошуна Румыниядан чопкутталган машинелер менен кирет.

Машыгууга Молдованын да 165 аскери катышат. Аскердик иш-чара НАТОнун "Тынчтык үчүн шериктештик" программасынын алкагында өткөнү жатат. Бул программага Молдова 1994-жылы кошулган. Биргелешкен машыгууда негизинен кыйраган имараттан элди эвакуациялоо, жеринде медициналык жана техникалык кызмат көрсөтүү сыяктуу көнүгүүлөр жасалат.

Молдовадагы орусиячыл оппозициянын өкүлдөрү бул биргелешкен иш-чарага каршы акцияга чыгарын маалымдашты.

Молдованын өзүнө-өзү көз карандысыздык жарыялап алган Приднестровье аймагында Орусиянын бир жарым миңдей аскери бар. Алардын 380и тынчтык орнотуучу эл аралык күчтөрдүн аскери деген макамга ээ, калганы Орусиянын бул жерде Совет доорунан бери турган аскер бөлүгүнүн жоокерлери.

XS
SM
MD
LG