Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Одессада эки жыл мурдагы калаба курмандыктары эскерилүүдө


Одессанын Куликов талаасы аянтына кирмекчи болгондордун бир тобу полиция курчоосунун алдына гүл чамбарларды койду. Бүгүн кечинде аянтта кандуу калабанын эки жылдыгын эскерүү чарасы белгиленген. Бирок полиция элдин нааразылыгына жана талабына карабай аянтка эч кимди киргизбей жатканын "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы кабарлады. Анын айтымында, полиция курчоосунун алдына чогулгандардын көпчүлүгү орусиячыл кыймылдардын өкүлдөрү. Алар колдоруна "Унутпайбыз! Кечирбейбиз!" деген жазууларды жана эки жыл мурдагы калабада каза болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

Аянтты полиция курчоосуна эртең менен ал жерге жардыргыч зат коюлганы тууралуу кабар себеп болгон. Полиция аянттан жардыргыч зат табылбаганы менен ага жакын жер астындагы өтмөктөн үч граната табылганын билдирген. Ошондон тарта коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Мунун алдында Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили 2-майда Украинанын "ички жана тышкы" душмандары тарабынан чагым даярдалып жатканы тууралуу "конкреттүү маалыматы" бар экенин айткан.

Одессада туура эки жыл мурда, дал ушул күнү орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигин жактоочулар кагылыша кетип, 48 адам мерт болгон. Жаатташкан тараптар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Кесиптик кошуундар үйүндө өрт чыккан.

Бул окуяга тиешеси бардыгы шектелген Одессанын 20 чакты тургунунун соту дале бүтө элек.

XS
SM
MD
LG