Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

АКШ абактагы журналист Сергей Резникти бошотууга орус бийлигин чакырды


Сергей Резникти абактан бошотууну талап кылган пикет.

Сергей Резникти абактан бошотууну талап кылган пикет.

Американын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби журналистке тагылган айыптарды саясий негизде деп атады. Кирбинин айтуусунда, Резникке 2013-жылдын октябрындагы кол салуунун чоо-жайы жеткиликтүү иликтенип, кылмышкер жазаланган жок.

- Орусияда журналисттерге кол салуулар жазасыз калган учурлар көп. Сергей Резник үч жыл мурун белгисиз бирөөлөр тарабынан катуу сабалган. Бирок бул кылмышты иликтөөдө жылыш байкалбады, - деп билдирди Кирби.

Ростов-на-Дону шаардык соту журналист жана блогер Сергей Резникти 2015-жылдын январында бир жарым жылга эркинен ажыраткан. Ага бийлик өкүлүн мазактаган, кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткан, деген айып тагылган. Ал өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, камакка алынышын жемкордук тууралуу макалалары менен байланыштырып келет. 2013-жылы да Резник ушундай эле айыптар менен соттолгон эле. Бул өкүмдү эске алганда ал быйыл ноябрда гана абактан чыгышы мүмкүн.

АКШ Мамлекеттик департаментинин билдирүүсү 3-май - Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнүн утурлай жарыяланды. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG