Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Тажикстанда оппозиция адвокатын соттошууда


Бүгүн Дүйшөмбүдө оппозициялык “Ислам кайра жаралуу” партиясынын адвокаты Бузургмехр Ёров боюнча соттук жараян башталат. Партиянын камактагы мүчөлөрүнүн укугун коргоп келген адвокат былтыр 28-сентябрда кармалган. Бийлик ага көз боёмочулук кылган жана документтерди оңдогон, “экстремисттик уюм түзгөн”, “элди экстремизмге чакырган”, “улут аралык араздашууну козуткан”, деген айыптарды таккан.

Human Rights Watch, Amnesty International жана башка эл аралык уюмдар Ёровду саясий туткун деп эсептешип, аны бошотууга тажик бийлигин үндөп келишет.

Республиканын Жогорку соту былтыр сентябрда "Ислам кайра жаралуу" партиясын экстремисттик жана террордук уюмдардын катарына кошкон. Анын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, партиянын мүчөлөрүн камакка алган.

Алар коргоо министринин мурдагы орун басары, генерал Абдухалим Назарзода менен бирге бийликти курал менен басып алуу кутумуна катышкан деп күнөөлөнүп жатат.

Учурда чет өлкөдө башкалкалап жүргөн партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптоолорду четке кагууда. (NT)

XS
SM
MD
LG