Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Мистура менен Лавров Сирия чатагын чечүү жолдорун талкуулашат


БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура.
БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура.

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура бүгүн Москвага келип, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат. Эки тарап Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн эл аралык коомчулук кабыл алышы зарыл болуп турган кошумча чараларды талкуулашары күтүлүүдө.

Москва расмий Дамаск жана Сириядагы оппозициячыл топтор менен тыгыз байланышта болуп келет, ошол себептүү жаңжалды чечүүдө тараптар ортосундагы сүйлөшүүлөрдү өткөрө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ.

Сирия чатагын чечүү боюнча расмий Дамаск менен оппозициячыл күчтөр ортосундагы Женева сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы 27-апрелде эч майнапсыз аяктаган. Андан кийин Сириянын Алеппо шаарындагы салгылашуулар күч алып, соңку бир апта ичинде жүздөгөн жай тургундар мерт болду.

Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Сириядагы элдешүү режими тууралуу сүйлөшкөн. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Лавров менен Керри “Москва менен Вашингтондун” мындан аркы кадамдардын макулдашканы жазылган.

XS
SM
MD
LG