Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 13,2 миллион доллар бөлөт


Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта корунун миссия жетекчиси Эдвард Жемайэль менен жолугушууда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда 2014-2017-жылга Экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандумду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Тараптар банк ишмердүүлүгүн, өлкө бюджетинин параметрлерин жөнгө салуучу мыйзам чыгарууну жакшыртуу маселеси боюнча пикир алмашты.

Эдвард Жемайэль Валюта корунун аткаруу кеңеши өлкө бюджетине 13,2 млн АКШ доллары көлөмүндөгү үчүнчү траншты которуу боюнча чечим кабыл аларын билдирди.

Былтыр Эл аралык валюта кору 26,4 миллион доллар бөлгөн. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG