Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Еврокомиссия Түркия жарандарына Шенген аймагына визасыз кирүүнү сунуштайт


Ири мусулман өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизүү Еврошаркеттин мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктерди жаратууда.
Ири мусулман өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизүү Еврошаркеттин мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктерди жаратууда.

Европа комиссиясы Түркия жарандарына Шенген аймагына визасыз кирүүнү сунуштоону көздөп жатат. Расмий сунуш 4-майда жасалышы мүмкүн. Бул тууралуу Еврокомиссиянын атын атабаган аткаминерлери билдиришкенин айрым маалымат каражаттары кабарлашууда.

"Рейтерс" жазгандай, мындай чечимди кабыл алууга Анкара Евробиримдик менен түзгөн миграциялык келишимден баш тартышы ыктымал деген кооптонуулар түрткү берди.

Макулдашууга ылайык, түрк аймагы аркылуу Европага мыйзамсыз жолдор менен келген мигранттар Түркияга кайтарылып турмакчы. Ири мусулман өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизүү Еврошаркеттин мүчөлөрү арасында олуттуу пикир келишпестиктерди жаратууда.

XS
SM
MD
LG