Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Жер сатууга каршы чыккан казак жаранына айып пул салынды


Бауржан Алипкалиев
Бауржан Алипкалиев

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауржан Алипкалиев жер маселесине байланыштуу жалгыз пикетке чыкканы үчүн 120 доллар тегерегинде айыппул төлөмөй болду. Мындай чечим бүгүн Уральсктын административдик соту тарабынан чыгарылды.

Алипкалиев соттун чечими менен макул эместигин “Азаттыктын” казак кызматына курган маегинде билдирди.

Ал 29-апрелде борбордук көчөлөрдүн биринде акция өткөрөр алдында кармалган. Апрель айынын соңунда коңшу Казакстандын бир катар шаарларында казак өкмөтүнүн жерди жеке менчикке берүү планына каршы ар кандай акциялар өткөн. Массалык митингдер Атырау, Семей, Актөбө шаарларында уюштурулган.

XS
SM
MD
LG