Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Мессиден футболка алган Муртазанын ата-энеси Ооганстандан чыгып кетти


Беш жаштагы Муртаза Ахмади.
Беш жаштагы Муртаза Ахмади.

Дүйнөлүк футболчу Лионель Мессинин кол тамгасы түшүрүлгөн футболка алган беш жаштагы ооган баланын үй-бүлөсү телефондук коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Бул тууралуу анын туугандары маалымдашты. Алардын айтуусунда, Муртазанын ата-энеси телефондук коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам баланын уурдалып кетишинен кооптонуп, апрель айында Пакистанга чыгып кетишкен.

Муртаза Ахмади желим баштыктан жасалган Мессинин футболкасынын үлгүсүн кийип түшкөн сүрөтү Интернетке тарагандан кийин дүйнөгө таанылган. Анын үй-бүлөсү Ооганстандын айылдарынын биринде жашачу. Баланын сүрөтүн Интернетке Австралияда жашаган таякеси жүктөгөн. Сүрөттү көргөн Месси Муртазага Кабулдагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгү аркылуу топ жана футболка жиберген.

Дүйнөлүк деңгээлде футбол күйөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланган 28 жаштагы Лионель Месси "Барселона" менен Испания кубогун, Чемпиондор лигасын, Испаниянын суперкубокторун, УЕФА жана дүйнөлүк клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү.

XS
SM
MD
LG