Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Лавров: жакынкы сааттарда Алепподо ок атышуу токтотулушу мүмкүн


БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жакынкы сааттарда Сириянын Алеппо шаарында ок атышпоо режими киргизилиши ыктымалдыгын билдирди. Учурда бул суроону орусиялык жана америкалык аскерий жетекчилер талкуулап жатканын Лавров Улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура менен Москвада жолуккан соң билдирди.

Министр ошондой эле жакынкы күндөрү Женевада Сириядагы согуштук аракеттердин токтошун көзөмөлгө ала турган Орусия-АКШ биргелешкен борбору иштеп баштарын да кошумчалады.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер шаршембиде ал Берлинде Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабуис, Улуттар Уюумунун атайын чабарманы Стеффан де Мистура жана Сирия оппозициясынын негизги координатору Риад Хиджаб менен Сирия сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу тууралуу макулдашарын билдирди.

Шейшеми таңда расмий Дамаск Алепподогу ооруканага жасалган чабуулдан үч киши набыт болуп, жыйырмага чукул адам жаракат алганын ырастаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG