Линктер

шаршемби, 29-март, 2017 Бишкек убактысы 11:44

"Кумтөр" кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын жылдык жыйыны 17-майда өтөт. Бул тууралуу “Центерра Голд” тараткан маалыматта айтылат. Маалыматта “Центерра Голд” жалдаган көз карандысыз консалтингдик компаниялар директорлор кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүүгө сунуштаганы айтылат.

Талапкерлерге добуш берүү 17-майда акционерлеринин жылдык жыйынында каралат.

Буга чейин Кыргызстан “Центерра Голддун” директорлор кеңешиндеги мүчөлөрүн алмаштырууну чечкен. Директорлор кеңешине мүчөлүккө Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG