Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Өкмөт электр жоготууларын 12,5 пайызга төмөндөтүүнү тапшырды


Энергетика системасы.
Энергетика системасы.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн 26-апрелде кабыл алган токтомунда айтылат. Токтомго ылайык, Улуттук энергетикалык холдингге “Чыгышэлектр” ишканасынан башка бөлүштүрүү компанияларындагы жоготууларды 12,5 пайызга, ал эми Улуттук электр тармактар ишканасындагы жоготууларды 5 пайызга чейин төмөндөтүү тапшырмасын берди.

Өкмөт былтыр да энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компанияларына жоготуулардын деңгээлин 14,0% төмөндөтүү тапшырмасын берген, бирок аны бир дагы компания аткарган эмес.

Мындан улам Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, бардык бөлүштүрүүчү электр компаниялардын жетекчилерине сөгүш жарыялоо тапшырмасы берилген.

2014-2015-жылдары электр жоготууларынын көлөмү 1 миллиард 600 миллиондон ашуун киловатты түзгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG