Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын атынан директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров кабарлады. Анын айтымында, 3-майда Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голддун” Директорлор кеңешинин жыйыны өттү. Аны жүрүшүндө компаниянын биринчи кварталдагы ишинин жыйынтыгы каралган. Ошондой эле Кыргызстандын күч органдарынын “Кумтөр голд компанинин” кеңсесин тинтүү боюнча маалымат берилди.

Шакировдун айтымында, компаниянын кеңсеси 2013-жылы козголгон кылмыш ишти кайрадан кароонун негизинде тинтилген.

“Кумтөр голд компанинин” кеңсесинде 2013-жылы козголгон кылмыш ишти кайрадан кароонун негизинде тинтүү жүргүзүлүптүр. Кыргызстандын атынан директорлор кеңешине мүчө катары биз тергөөгө керектүү маалыматтарды берүүнү сурандык. Азыркы учурда так маалымат жок болуп жаткандыктан ар кандай божомолдор айтылып жатканын билдирип, так маалымат талап кылдык”, - деди Кылычбек Шакиров.

28-апрелде күч түзүмдөрү “Кумтөр голд компани” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган компаниядан активдик каражаттарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелүүдө.

2013-жылы “Кумтөр голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгону боюнча кылмыш иш козголгон. Бул боюнча “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров үч жылга жатак абакка кесилген. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG