Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Бишкекте эки жашар баланы уурдоого шектелген адам кармалды


Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын башчысынын орун басары Марлис Асанов “Азаттыкка” кабарлады. Анын маалыматы боюнча, 3-майда Бишкектин тургуну эки жашар баласын чала тааныш кыз уурдап кеткени тууралуу арыз менен кайрылган. Арыздын негизинде иш жүргүзүлүп, бүгүн 20 жаштагы кыз кармалды. Ал наристени уурдоо ниети болбогонун, убактылуу үйүнө алып кеткенин билдирген.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин “адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. Эгер шектелген адамдын күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.(BkA)

XS
SM
MD
LG