Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Атамбаев Конституциянын айрым беренелерин өзгөртүүгө макул


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Конситуциядагы улуттук суверенитет жана коопсуздукка коркунуч туурдурган беренелерге өзгөртүү киргизүүнү колдой турганын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген интервьюсунда айткан. Президенттин пикиринде, ар кыл чайкоочулуктарга жол бербөө үчүн Башмыйзамды өзгөртүүдө президент, парламент жана өкмөттүн ортосундагы ыйгарым укуктарга тийишпөө керек.

“Кыргызстандын улуттук коопсуздук жана суверенитетине коркунуч жараткан пункттарды алып салуу керек. Бул канчалык эрте жасалса, ошончолук жакшы болот” деген Атамбаев.

Кыргызстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө 2020-жылга чейин тыюу салынган. Бирок акыркы учурда Башмыйзамды өзгөртүү демилгелери көтөрүлүп келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG