Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

"Кумтөр" чыры элди алаксытуу амалыбы?


Кумтөр - Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири
Кумтөр - Кыргызстан гана эмес, Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири

“Центерра” компаниясы “Кумтөр” ишканасынын Кыргызстан суракка алууну көздөп жаткан эки вице-президентинин укугун аягына чейин коргой турганын билдирди.

Башкы прокуратура каржылык мыйзам бузууга байланыштуу кылмыш иш тергелип жатканын айтууда.

28-апрелде Башкы прокуратура "жакынкы күндөрү “Кумтөрдүн” жетекчилери менен тергөө иштери жүргүзүлөт" деп маалымат берер замат компаниянын президентинин эки орун басары Кыргызстандан чыгып кетти. Алардын бул аракети кылмыш жообунан качуу максатында болушу ыктымал деген жоромол жаратып, буга жол берген бийлик сынга алына баштады.

“Кумтөр” ишканасы болсо эки жетекчинин Кыргызстандан 29-апрелде чыгып кетишин алардын кезектеги эмгек өргүүсүнө байланыштырган билдирүүнү, майдын ортосунда кайтып келерин ырастаган авиабилеттердин көчүрмөсүн кошо тиркеп таратты.

Качкан эмес, өргүүгө кетти

Ишкананын туруктуу өнүгүү боюнча директору Актилек Түнкатаров “Азаттыкка” компаниянын эки вице-президенти качып кеткен жок деп билдирди:

- Каржы маселелери боюнча вице-президент Марк Бертон жана материалдык-техникалык камсыздоону тейлеген вице-президент Лесли Лоу качып кеткен жок. Алардын отпускага кетүү чечими январь, март айларында эле кабыл алынган, билеттери сатылып алынган.

“Кумтөр” компаниясынан каражаттардын жана активдердин мыйзамсыз чыгарылып кетишине байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде 28-апрелде ишкананын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтүү жүрүп, айрым документтер алынган.

Учурда бул кылмыш ишти Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги, Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кирген мекеме аралык тергөө тобу иликтеп жатат. Бирок кайсы факт боюнча, качан козголгон иш тууралуу кеп болуп жатканын кыргыз тарап азырынча расмий жарыялай элек.

Эски иштин уландысы

“Кумтөргө” ээлик кылган канадалык “Центерра голд” компаниясынын Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан дайындалган мүчөсү Кылычбек Шакировдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сөз 2014-жылы козголгон кылмыш иш тууралуу жүрүүдө.

Анын козголушуна 2013-жылдын 20-декабрында “Кумтөр” ишканасынын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынынын чечими менен “Центеррага” дивиденд түрүндө 200 миллион доллар которулганы негиз болгон. Бул чечим кыргыз өкмөтү менен макулдашылбагандан кылмыш иши козголуп, “Кыргызалтын” ишканасынын ошол кездеги жетекчиси Дилгер Жапаров үч жылга жатак абакка кесилген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, эгер эки вице-президент тергөөгө катышуу үчүн кайтып келбей турган болсо "тиешелүү чаралар" көрүлөт. Ал кандай чара экендиги тууралуу да так маалымат же кеңири түшүнүк берилген жок.

Деги эле кандайдыр бир чара колдонуларына ишенгендерге караганда ишенбегендер басымдуулук кылууда. Буга биринчиден, юридикалык негиздин жоктугу, экинчиден, “Центерранын” өз кызматкерлеринин укуктарын коргоо тууралуу билдирүүсү негиз болууда.

Анын үстүнө шек туудурган эки кызматкердин кайтып келери да арсар. Ошондуктан, айрым талдоочулар Башкы прокуратурада шектүү деп суракка алууну көздөгөн эки кызматкерди кармап калууга убакыт да, шарт да бар болчу деп жатышат.

Бирок мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраевдин көз карашында эки вице-президентти өлкөдөн чыгарбай кармап калуусуна да, жоопко тартуусуна да учурунда юридикалык негиз болгон эмес. Себеби кылмыш иш факт боюнча гана козголгон дейт ал:

- Эгер “Кумтөрдүн” эки кызматкеринин үстүнөн түздөн-түз козголгон болсо, анда тергөөчү алардын сыртка чыгып кетүү укугун чектемек. Ал эми факт боюнча козголсо, анда эч ким алардын Кыргызстандан чыгып кетишин токтотууга укугу жок.

Кумтөр – Кыргызстандагы гана эмес, аймактагы эң ири алтын кени. Бирок аны иштетүүгө тартылган канадалык инвесторлор менен мамиле башынан чыр менен коштолуп келатат. Буга чейин аны башкаруудагы Кыргызстандын ролун бекемдөө боюнча сунуштар айтылып, парламентте кызыл чеке талкуу жүрүп келгени менен маселе ордунан жыла элек.

Элди алаксытуу амалыбы?

Алда качан экономикалык эмес, саясий объектке айланып калган Кумтөргө байланыштуу үч жыл мурда козголгон кылмыш иштин кайра иликтене башташын жана анын айланасындагы окуяларды коомдук ишмер Эдил Байсалов бийликтин элди алаксытуу амалы деп атоодо:

- Үч өкмөт алмашты, бир да фабрика ачышкан жок. Кумтөр эле Кумтөр деп келатышат. Майнап чыккан жок. ЕАЭБге киргенибиз алданып калганыбыз болду. Элдин жашоосу оорлоп баратат. Алаксытуу аракети жүрүүдө. Муну прокуратура аркылуу эмес, өздөрү айткандай, Атамбаев былтыр ноябрда, андан кийин Сариев кайталагандай, экономикалык чараларды көрүп, сүйлөшүү жолу менен бир чечимге келиш керек.

Ишкананын тегерегиндеги соңку окуялар боюнча кыргыз өкмөтү азырынча өз пикирин билдире элек.

Ал арада быйылкы жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” 18 миллион доллар пайда менен чыкканы белгилүү болду. Бирок бул кирешеге Кыргызстан үмүт арта албайт. Себеби “Центерранын” акционерлерине дивиденд катары төлөнө турган бул акча Кыргызстандын эл аралык соттордогу териштирүүлөрүнө байланыштуу “Кыргызалтындын” эсебине которулбай турган болууда.

XS
SM
MD
LG