Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

Атамбаев: Кыргызстанда ЖККУнун жаңы объекттин жайгаштыруу маселеси каралган жок


Кант шаарындагы аскердик база
Кант шаарындагы аскердик база

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген интервьюсунда айтты. Президент Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөр менен кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгилеген. Аталган уюмдун алкагында Кант шаарында Орусиянын биргелешкен аскер базасы бар экенин билдирип, азыркы учурда өлкө аймагында жаңы базага жайгаштыруу боюнча маселеси каралбай турганын кошумчалады.

Учурда Орусиянын Кант шаарында аскерий базасы бар. Ал 2003-жылы ачылып, алгач он беш жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Аталган макулдашуу 2012-жылы 49 жылга узартылып, ага ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери бирдиктүү аскер-аба базасына бириктирилген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG