Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Европа Биримдиги Косового да виза режимин жеңилдетет


Европа Биримдиги желеги
Европа Биримдиги желеги

Европа Комиссиясы Биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө Косово жарандарына да виза режимин жеңилдетүүнү сунуштады. Миграция боюнча комиссар Димитрис Аврамопулос “Косово ири ийгиликтерге жетишти” деп, өкмөттөр жана Европа Парламенти сунушту тезирээк колдоого аларына үмүт артканын 4-майда билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини Косово лидерлери менен 5-майда жолугушат. Түркия, Украина жана Грузия жарандары менен бирге Косово жарандары да виза жеңилдигин алмакчы. Ага ылайык Косово жарандары Шенген зонасында 90 күн визасыз жүрө алат. Косово чек арада көзөмөлүн күчөтүп, биометрикалык паспорт киргизип, качкын статусу жок жарандарын кайтарып алууга макулдук бергенин Европа Биримдиги белгилөөдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG