Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Патрулдук милицияга орус автоунаасын сатып алууга нааразылар көп


"Лада" автоунаасын президент Владимир Путин көрүүдө.
"Лада" автоунаасын президент Владимир Путин көрүүдө.

УКМКнын мурдагы кызматкери, адвокат Улан Жумаков патрулдук милицияга Орусияда жасалган автоунааларды сатып алууга нааразылык билдирүүдө. Ал “Лада Приора” үлгүсүндөгү автоунаалардын сапаты начар экенин белгилеп, алардын ар бири 6 миң долларга бааланып жатканын жана бул каражатка сапаттуу чет элдик машине сатып алса болорун“Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Орусиянын жол кайгуул кызматы чет элдик машинелер менен камсыздалган. Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин орус өндүрүшүнө басым жасап жатканы түшүнүксүз:

-Бул акчага Кыргызстандын өзүндө деле жапон жана башка чет элдик сапаты мыкты автоунааларды алса болот. Акча Орусияга кетпей, Кыргызстанда калмак. “Лада Приораны” автоунаа деп айтууга да болбойт. Аны менен милиция кызматкерлери кантип кылмышкерлерди кууп жетет?

Ички иштер министрлиги 34 миллион 800 миң сомго «Лада Приора» үлгүсүндөгү 87 автоунаа сатып алынары тууралуу жарыясы мамлекеттик сатып алуулар сайтына 30-апрелде жарыяланган.(NT)

XS
SM
MD
LG