Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Акибаев: көчмөндөр оюндарына чейин Балыкчы-Корумду жолунун бир бөлүгү бүткөрүлөт


Жол.
Жол.

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт жолдун курулушун улантуу аракетин көрүп жатат. 3-8-сентябрдагы Көчмөндөр оюндарына чейин каттамдын Тамчы айылынан Чолпон-Атадагы ипподромго чейинки бөлүгү бүткөрүлөт. Акибаев Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына гана байланыштырууга болбой турганын, анын Ысык-Көлдүн инфраструктурасы үчүн мааниси чоң экенин жана мындай долбоорлор эки-үч жыл ичинде аяктай турганын кошумчалады.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин кызматтан кетиши менен коштолгон чуулгандуу “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” жолунун курулушу каражаттын жоктугунан токтоп турат. Буга чейин өкмөт ага “Мегакомду” сатуудан түшкөн акчаны сарптоону чечкен. Бирок 11-майда боло турган аукциондо компаниянын сатылышы күмөндүү экенин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде парламентте отчет берген учурда моюнга алды.

Ошол эле маалда жолдун курулушу токтотулбашы керектиги айтылды. Кыргыз өкмөтү жол боюнча тендерден утуп алган кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы менен 6 миллиард 800 миллион сомго келишим түзүп, анын 10 пайызын алдын ала бермей болгон. Бирок 180 миллион сомду гана берген. Акча маселеси чечилбегендиктен, өткөн жумада жумушчулар айлыкты убагында алалбай жатканына нааразылык иретинде иш таштады. (NT)

XS
SM
MD
LG