Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Кыргызстандын Ташкендеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышары азырынча белгисиз. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 3-майда Орусиянын “Интерфакс” агенттигине маек курган учурда айтты. Атамбаев жыйынга баруу маселеси Өзбекстандын мындан аркы кадамына жараша чечилерин жана расмий Ташкен чек аранын такталбаган бөлүктөрүндө эрежеге ылайык келбеген аракеттерге барбай турганына үмүтүн билдирди.

18-мартта Аксыдагы Чаласарт тилкесине өзбек чек арачылары аскер техникалары менен кирип келип, чек арадагы абал курчуп кеткен эле. Кийинчерээк ал жерге кыргыз тарап да жоокерлерин коюп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сегиз күндөн кийин чыгарылган. Кыргыз бийлиги Өзбекстандын кадамына нааразы болуп, Чаласарттан аскерлер чыгарылбаса, быйыл июнга белгиленген Ташкендеги ШКУнун саммитине барбай турганын билдирген. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG