Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Москвада теракт уюштурууга шектелген топ кармалды


Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы май майрамдарында теракт жасоону көздөгөн деген шек менен кармалгандар Борбор Азиянын жарандары экенин кабарлады.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, алар Сирия менен Ирактагы эл аралык террордук уюмдардын тапшырмасы менен жүргөнүн айтып беришкен. Москвада бир нече жардыруу уюштурууга белсенишкен. Атайын операция маалында алардан курал-жарактар, жардыргыч заттар табылган. Кармалгандардын аты-жөнү жана максат кылынган теракттар тууралуу так маалымат айтылган жок.

Орусиянын коопсуздук кызматы кармалгандар күнөөнү моюнга алганын билдирүү менен чектелди. Буга чейин Орусиянын ар кайсы аймактарында жардырууларга бөгөт коюлганы, апрелде Волгоградда теракт жасоого камынган бир нече адам колго түшүрүлгөнү маалымдалган эле.

XS
SM
MD
LG