Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Орусия: Сызрандагы үй-бүлөнү өлтүрүүгө шектелгендерге айып тагылды


Полиция шектүүлөрдү кармоодо.

Полиция шектүүлөрдү кармоодо.

Самара облусунун Сызрань районунда полиция кызматкери Андрей Гоштту жана анын туугандарын өлтүргөн деп шектелген азербайжандыктар Ислам Бабаев, Орхан Зохрабов, Роман Фаталиев кармалган. 4-майда бул кылмыш боюнча Тажикстандын жараны Махмадали Ахмалов Москванын Домодедово аэропортунан кармалганын Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин билдирди. Алардын баарына расмий айып тагылып, камакка алынды.

Самара облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Андрей Гошт жана анын беш тууганынын сөөгү 24-апрелде Сызрань районунун Ивашевка айылында табылган. Тергөө алар башына балка менен урулган соккудан каза тапканын аныктаган. Полиция кызматкеринин 2009-жылы туулган жээни гана аман калып, оор жаракаттар менен ооруканада жатат. Кылмышка карактоо аракети себеп болгон, деген божомол айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG