Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Белгилүү тарыхчы Жеңиш Жунушалиев дүйнө салды


Жеңиш Жунушалиев.
Жеңиш Жунушалиев.

Белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору Жеңиш Жунушалиев 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу анын шакирттери кабарлашты. Айтылуу окумуштуу узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышкан. Маркумдун сөөгү 7-майда жерге берилет.

Жеңиш Жунушалиев Ысык-Көл районунун Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган соң, мектепте мугалим, партиялык кызматтарда жана Кыргыз Улуттук илимдер академиясында эмгектенген. Көп жылдар бою Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору болуп эмгектенген.(BkA)

XS
SM
MD
LG