Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды


Тыюу салынган "Мельдоний" дарысы
Тыюу салынган "Мельдоний" дарысы

2016-жылдын башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экени аныкталды. Алардын айрымдары жыл башында тыюу салынган "Мельдоний" препаратын ичип жүрүшкөн. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук антидопинг борборунан (УАБ) маалымдашты.

Тыюу салынган дары-дармектерди колдонгон спортчулардын аты-жөнү айтыла элек. Бирок алардын арасында Бразилияда өтө турган Олимпиадага жолдомо алган спортчулар да бар экени кабарланууда.

Азыркы тапта алардын бардыгы машыгуулардан четтетилген.

УАБ маалымдашынча, жыл башынан бери бардыгы болуп 960 допинг-тест өткөрүлгөн. Уюмдагылар тыюу салынган дарылар бардык казак спорт федерацияларына мурда маалымдалганын белгилешет.

Буга чейин допинг чыры орусиялык спортчулар арасында күчөп, көбү "Мельдоний" колдонуп жүргөнү аныкталган.

XS
SM
MD
LG