Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Парламент “Коопсуз шаар” тендердик комиссиясына укуктук баа берүүнү сунуштады


Коопсуз шаар.

Коопсуз шаар.

Жогорку Кеңеш “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн ишине баа берүүнү сунуштады. Мындай токтомду депутаттар буга чейинки парламент жыйынында кабыл алган. Токтомдо өкмөткө “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча маселени кайрадан карап чыгуу, Патрулдук милициянын толук кандуу иштеши үчүн керектүү шарттарды түзүү жана Башкы прокуратурага “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн ишине укуктук баа берүүнү сунуштады.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө, борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына, Бишкек-Каракол жолуна видеокөзөмол орнотуу каралган.

2012-жылы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн тендерде кытайлык компания утуп чыккан. Бирок бул тендер мыйзам бузуулар менен өткөнү үчүн анын жыйынтыгы жокко чыгарылган. 2014-жылы кайрадан тендер өткөрүлүп, анда орусиялык “Стилсофт Бишкек” компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок бул компанияга да тендерге катышууда мыйзамсыздыкка жол берилген деген кине коюлган. Аны төгүндөө максатында “Стилсофт Бишкек” Ички иштер министрлиги менен соттошуп келатат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG