Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

“Кумтөрдүн" вице-президенттери Кыргызстанга кайтып келет


"Кумтөр" алтын кени.

"Кумтөр" алтын кени.

Бул тууралуу “Центерра Голд” компаниясынын президенти Фрэнк Херберт “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтуусунда, “Кумтөр Голд Компанинин” эки вице-президенти мурда пландалган эс алууга ылайык чет өлкөгө кетишкен жана Кыргызстанга кайтып келишет

“Вице-президенттер Лоу жана Бертон мырзалардын Кыргызстандан чыгып кеткени боюнча прокурордун билдирүүсүнөн кабарыбыз бар. Биз прокуратуранын вице-президенттер өлкөдөн биротоло чыгып кетти, деген чочулоосуна макул эмеспиз. Алар учурда эмгек өргүүсүндө жүрүшөт жана ал аяктаган соң кайтып келип, өз милдеттерин аткарууну улантышат”,- деди Фрэнк Херберт.

Ошондой эле Фрэнк Херберт “Центерра Голд” Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен тыгыз кызматташып, козголгон иш боюнча керектүү материалдарды берип келгенин жана мындан ары да берүүгө даяр экенин кошумчалады.

28-апрелде күч түзүмдөрү “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган компаниянын активдерин мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланышкан кылмыш иши тергелүүдө.

Ушундан кийин “Кумтөр Голд Компанинин” каржы маселеси боюнча вице-президенти Марк Бертон жана материалдык-техникалык камсыздоо боюнча вице-президент Лесли Лоунун өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Эми Башкы прокуратура аларды кайра чакыртканы жатат, эгер келбесе, аларга эл аралык издөө жарыяларын эскертүүдө.(GA/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG