Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

“Центерра” 2009-жылкы келишим боюнча кен казууну улантат


Кумтөр
Кумтөр

“Центерра Голд” компаниясы 2009-жылы кабыл алынган келишимдин негизинде Кумтөрдө кен казууну улантат. Бул тууралуу компаниянын президенти Фрэнк Херберт “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен 2009-жылы кабыл алынган келишимди түзүүдө мыйзамдын талаптары сакталып, парламент жана Конституциялык сот жактырган.

“2009-жылдагы келишимди парламент жактырып, Юстиция министрлиги, Конституциялык сот тарабынан бекитилгенин эскертким келет. Кыргыз өкмөтү бул келишимди түзүүдө күчтүү юристтерди жалдаган. Бул келишимдин негизинде Кыргызстан компаниянын миллиондогон акцияларын алган. Кыргызстандын үлүшү 16 пайыздан 33 пайызга өскөн”,- деди Херберт.

Херберт Кыргызстандын өкмөтүнүн сүйлөшүү боюнча сунуштарына ачык экенин кошумчалады.

Кумтөр кенинин айланасындагы талаш 2011-жылдан бери уланып келет. Атайын мамлекеттик комиссия “Центерра Голддун” экологиялык нормаларды бузуп жатканын айтып чыккан. Андан соң эки тарап 50/50 пайыздык үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү келишиминин айланасында сүйлөшүүлөр башталган. Бирок жыл башында бул сүйлөшүү токтотулган. (BkA/GA)

XS
SM
MD
LG