Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Эл аралык валюта корунун миссиясы Киевге келет


ЭВКнун эн белгиси.
ЭВКнун эн белгиси.

Эл аралык валюта корунун адистери 10-18-май күндөрү Украинада атайын миссиясы болот. Алар өкмөт жүргүзүп жаткан реформаларды талдап, Украина экономикасын сактап калуу үчүн бөлүнгөн 17,5 миллиард доллар насыянын дагы бир бөлүгүн берүү же бербөө боюнча чечим кабыл алышат.

14-апрелде Володимир Гройсман премьер-министрликке киришер алдында Эл аралык валюта корунун башкы директору жаңы өкмөт коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзбөсө, көмөктөшүү программасы токтотуларын эскерткен.

Каражат Киев өкмөтүнүн мөөнөтү келген карыздарын төлөөгө жана экономикалык-саясий реформаларды жүргүзүүгө багытталган. Акчанын жарымы берилген. Бирок аткаминерлер арасындагы жемкорлуктан улам үчүнчү бөлүгүн берүү былтыр октябрда токтотулган эле.

XS
SM
MD
LG