Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусун кыдырат


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абад облусуна иш-сапары бүгүн башталат. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, Жээнбеков алгач Токтогул районуна жана Кара-Көл шаарына барып, Токтогул ГЭСинин абалын көрөт.

Ошондой эле Аксыда Үңкүр-Тоонун айланасындагы жагдай менен таанышып, райондогу сел алган айылдарды кыдырат. Ала-Бука районундагы аскердик бөлүккө барып, чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү элдин пикирлерин угат.

Эртең Сузак районундагы көчкү жүргөн айылдардын абалы менен таанышмакчы.(RsK)

XS
SM
MD
LG