Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:39

Ооганстандын жалпыга маалымдоо каражаттары “Талибан” кыймылынын согушкерлери Балх провинциясынын Калдор аймагындагы чек ара бекетин 2-майга караган түнү ракета менен аткылаганын кабарлашты. Ооган генералы Мир Наим Хайдари чабуулдун мизи кайтарылып, эч ким жабыр тартпагандыгын билдирди.

Ооганстандын Калдор уезди Өзбекстандын түштүгүндөгү Термез шаары менен чектеш. Эки аймакты Аму дарыясы гана бөлүп турат. 1997-жылдын сентябрында Ооганстандагы салгылашуулардын кесепети Термезге да тийгени маалым.

Бир жылдан кийин талиптер Калдордогу Өзбекстан менен чектешкен Хайратон шаарын басып алып, үч жыл бою Ташкендин коопсуздугуна коркунуч жаралып турган. 2001-жылы Нью-Йорк менен Вашингтондогу террордук чабуулдардан кийин АКШнын Ооганстанда аскердик операциялары башталып, талиптер бул райондордон сүрүлгөн эле. Соңку жылдары талиптер кайрадан активдешип, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарга жакындай баштаганы байкалууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG