Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:03

Кара-Көл: аскер бөлүктөгү жоокер өлүмү боюнча иликтөө башталды


Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарындагы 718-бөлүгүндөгү кызмат өтөгөн жоокердин өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, учурда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана Улуттук Гвардиянын жетекчилиги окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жоопкерчиликтүү адамдар аныкталып, керектүү чаралар көрүлөт.

4-майдын кечинде Кара-Көлдөгү аскер бөлүктөн эки жоокер мушташып, бейтапканага түшкөн. Мушташка катышкан жоокерлердин бири көз жумган.

Каза болгон жоокер 19 жаштагы Алай районунун тургуну экени жана былтыр күздөн бери милдетин өтөп жүргөнү айтылууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG