Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Атамбаев президенттик шайлоого даярдыктан кабар алды


Атамбаев биометрикалык каттоодон өтүүдө.

Атамбаев биометрикалык каттоодон өтүүдө.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алууда билдирди. Жолугушууда Сарпашев күзүндө өтчү жергиликтүү кеңештерге жана 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктар, мамлекеттик каттоо системасын өнүктүрүү боюнча маалымат берди.

Президент калкты каттоонун так жана заманбап системасы болгондо гана мамлекеттик саясатты ачык жүргүзүүгө мүмкүн болорун билдирди.

Буга чейин шайлоолорду биометрикалык каттоо аркылуу өткөрүү чечими кабыл алынган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG